Бөлүмдөр
Ишемби, 23-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ош

Найман айылында 1,7 млн сомго кичи футбол аянтчасы курулду

Turmush -  Ноокат районунун Найман айыл аймагында 1 млн 700 миң сомдук кичи футбол аянтчасынын ачылыш аземи болду. Бул тууралуу Ноокат райондук администрациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ачылыш аземге Ноокат районунун акими Давранбек Маматалиев, жергиликтүү тургундар катышты. Аталган кичи футбол аянтчасына АРИС долбоору тарабынан 1 млн 385 миң сом, жергиликтүү бюджеттен 228 миң сом, элдик салымдан 47 миң сом жана акимдин резервдик фондунан 40 миң сом сарпталды.

Мындан мурда атал айыл өкмөттө кичи футбол аянтчасы жок болгондуктан жаштар мектептердин аянтында фулбол ойноп келишкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 811
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу