Бөлүмдөр
Ишемби, 23-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ош

Видео - Терек айылындагы 10 жылдыктар элге көпүрө куруп берип жатышат

Turmush -  Кара-Кулжа районунун Терек айылында 1989-жылы туулган класташтар көпүрө курууда. Бул тууралуу айылдын тургуну Азат Шерматов билдирди.

Маалыматка караганда, аталган жигиттер мектепти 2007-жылы аякташкан. Алар 10 жылдык мааракесине карата айылдын этегинде суу жеп кеткен жерге көпүрө курушууда.

«Бул жерге союз убагында көпүрө курулган. Бирок суу жеп кетип ошол бойдон кайра курулбай жаткан эле. Суу жеп кеткенден чыгып калган бетондорду жергиликтүү эл талкалап темир арматурасын чыгарып кетишип, көпүрө кайра калыбына келбей калган. Көпүрө жоктугунан эл бир далай жерди айланып каттап жүрүшкөн. Айрыкча кышында көпүрө жок айдоочулар кыйналып келишкен. Кышта тоют жүктөгөн «КамАЗ», «ЗИЛ» унаалары бир жумадан ашык өтө албай жатканын айылдаштар даана билет. 10 жылдыкты тосуучулар айылдагылардын жана айылга конокко же соода-сатык кылып келген айдоочулардын ушул убаракерчилигин жоюп берүүгө киришти. Бул көпүрө 25-майга чейин бүтүп, айылдаштарга кыска жолду пайдаланууга беришмекчи. Ушундай эл керегине жараган азаматтар келе жаткан муундарга үлгү болушту», - деди Азат Шерматов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 974
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу