При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июль
68.46    79.79    1.14    KZT 0.21

Кара-суулук З.Кыдырбаев уулун атка сүйрөтүп сабап, оорукчан кылган адамды жоопко тартууну суранууда (видео)

Turmush -  Кара-Суу районунун Талаа айылынын тургуну Залимбек Кыдырбаев 25 жаштагы баласын башка айылдын тургуну атка сүйрөтүп сабагандан кийин психикалык жактан жабыркап калганын айтууда.

Анын бүгүн, 17-майда АКИпресс-Оштогу маалымат жыйына билдиргенине караганда, 1991-жылы туулган уулу Элдиярды кошуна айылдын тургуну атка сүйрөтүп, ур-токмокко алган.

Залимбек Кыдырбаев маалымат жыйында сотторго нааразычылык билдирди.

«2015-жылы айылдашыбыз эч бир себепсиз Элдияр баламды атка сүйрөтүп урган. Натыйжада балам психикалык жактан оорулуу болуп калды. Ишибиз сотмо-сот болуп жатат. Биз сотко келебиз, алар келбейт. Мен балам үчүн жогорку бийликке чейин кайрылам. Бир балам майып болуп жатат. Керек болсо мылтык менен коркутуп жатышат. Бирөө кандай мылтык деп иликтеп да койгон жок. Менин баламды урган тургун айылдын рэкети. Бизге салык да салып жүрдү. Биз болгону мал багабыз. 2 жылдан бери ыйыбыз эч кимге жетпеди. Бизди ким угат. Биз акыйкат издейбиз. Баламдын учурдагы абалы жаман», - деди Кыдырбаев.

Ал эми, аталган окуяга шектүү тарап айтылган маалыматтарды четке кагууда. Шектүү Өзгөн районунун Кара-Таш айыл аймагынын Ынтымак айылынын тургуну. Аталган айыл Талаа айылы менен чектешкендиктен, эки тарап жакын жашашат.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев шектүүгө карата кылмыш иш козголуп сотко өткөнүн билдирди.

«2015-жылы бир баланы ургандыгы үчүн шектүү У.А. аттуу жаранга КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси менен иш козголуп, шарттуу түрдө 2 жылга соттолгон. Бирок кайра жабырлануучуга экспертиза дайындалып, анын психикалык жактан оор жаракат алгандыгы боюнча корутунду чыгып, кайра 2016-жылы 104-берене менен иш козголгон. Иш сотко өткөрүлүп берилген. Ушул жылдын 30-апрелинде жабырлануучу Элдияр шектүү А.У.нун биртууганын айылда сабап койгондугу үчүн алар да арыз жазды. Учурда Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүлөрү тергеп жатат. Эки тарап тең бирин-бири күнөөлөп жатат. Калганын сот чечет», - деди Ж.Ашырбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1221
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу