При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Ошто кичи автобустардын айнегин талкалап, уурулук кылып жүргөн өспүрүм кармалды

Turmush -  Ош шаарында кичи автобустардын айнегин талкалап, уурулук кылган деп шектелген өспүрүм кармалды, деп маалымдайт ШИИБдин басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, ушул жылдын май айынын башында белгисиз адам Ош шаарынын Черемушка кичи шаарчасында токтоп турган «Мерседес Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү унаанын арткы айнегин сындырып, уурулук кылган. Унаанын ичинен баасы 1200 сомдук буюмдар жана 400 сом акча уурдалган.

Жүргүзүлгөн ыкчам териштирүү иш-чараларынын негизинде Кара-Суу районунда 2001-жылы туулган өспүрүм кармалган. Шектүү өспүрүмдүн дагы эки кичи автобуска уурулукка киргендиги тастыкталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 300
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×