При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 28-июль
68.67    80.55    1.16    KZT 0.21

Курулушта жер көчкү коркунучунан улам чатырга көчүрүлгөндөр үйлөрүнө киргизилди, бирок кооптонуп жатышат

Turmush -  Алай районунун Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү Курулуш айылындагы жер көчкүдөн улам, чатырларга көчүрүлгөн 14 үй-бүлө өз үйлөрүнө жайгаштырылды. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдирди.

Алардын айтымында, өз үйлөрүнө киришкени менен дагы эле кооптонушууда.

«Биздин айылга атайын геологдор келип, сүрүлө баштаган жер көчкүнүн асты таш деп корутунду чыгарып, коркунуч жок экендигин айтып кетишти. Бирок бир барыбир кооптонуп жатабыз. Учурда  14 үй-бүлөнүн баары өз үйүбүзгө кирдик. Кубанганыбыз менен коркуп дагы жатабыз», - деди айыл тургуну Жеңиш.

Окуя тууралуу:

Алай районунун Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү Курулуш айылында жер көчкү жылып жатат. Жергиликтүү тургундардын айтымында, жер көчкү бүгүн, 1-майда таңкы саат 06:00 чамасында сүрүлүп баштаган. Түшкө чейин 2 метрдей аралыкка жылды.

Айыл өкмөттүн башчысы Токтосун Камиловдун айтымында, тоодо жаракалар да пайда болгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кабарланып, жеринде тактоо иштери жүрүп жатат.

Көчкү жүрүп жаткан аймакта 100гө чукул турак үйлөр бар.



Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1316
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу