Бөлүмдөр
Ишемби, 23-сентябрь
68.49    81.6    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ош

Кожокелеңдеги 20 жылдыктар согуш ардагерлерине акча таратышты

Turmush -  Кара-Суу районунун Кожокелең айылындагы С.Ибраимов атындагы орто мектепти 20 жыл мурда аяктаган бүтүрүүчүлөр айылдагы согуш ардагерлерине акчалай жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу мектеп мугалими Маматиса Меңдибаев билдирди.

«1980-жылы туулган быйылкы 20 жылдык бүтүрүүчүлөрүбүз Улуу Ата Мекендик согуштун, Ооган согушунун жана Чернобыль апаатынын катышуучуларына жалпы 120 миң сомдук акчалай жардам беришти. Биздин Кожокелең айылында Улуу Ата Мекендик согуштун 3 ардагери, Ооган согушунун 2 ардагери, ал эми, Чернобылда кырсыкка учураган 1 айылдашыбыз бар. Алардын ар бирине 20 миң сомдон көмөк көрсөтүштү», - деди М.Меңдибаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 663
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
16:29,   22.09.2017   ( 1 адам окуп жатат)
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу