При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июль
68.46    79.79    1.14    KZT 0.21

Жер титирөөдөн жабыркаган Кара-Мык айылынын элине гуманитардык жардам жеткирилди

Turmush -  Чоң-Алай районунда жер титирөөдөн жабыркаган үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам көрсөтүлдү, деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, 16-май күнү болгон жер титирөөдөн жабыркаган үй-бүлөлөргө Ош шаарында жайгашкан бириккен кампадан гуманитардык жардам катары 5370 кг кесме, 2685 кг шекер, 8055 кг өсүмдүк майы, 1074 кг чай ӨКМдин 2 «КамАЗ» унаасында Жекенди айыл аймагындагы Кара-Мык айылына жеткирилди.

Ошондой эле, «Кызыл-Кыя цемент» заводунан 120 тонна цемент ӨКМдин 7 оор жүк ташуучу унаалары менен Кара-Мык айлына 40 тонна, Кара-Тейит айылына 30 тонна, Жекенди айылына 20 тонна, Шибээ айылына 10 тонна, Чулук айылына 20 тонна жеткирилген. 17-май күнү Кызыл-Кыя шаарынан 80 тонна цемент ӨКМдин 4 оор жүк ташуучу унаасына жүктөлүп, Чоң-Алай районуна жөнөтүлгөн.

Буга чейин маалымдалгандай, 5-майда өлкө аймагында 4 жолу жер титирөө катталган. Сейсмология институтунун берген маалыматы боюнча, Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасында саат 11:09да катталган жер титирөөнүн очогундагы күчү 7 баллга жеткен. Жер титирөөнүн күчү Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кара-Мык, Кара-Тейит жана Алга айылдарында 6-6,5 баллга, Баткенде 4-4,5 баллга, Ош шаарында 3 баллга жеткен.

Экинчи жолу саат 11:15те кайталанган жер титирөө 5 балл болуп, Чоң-Алай районунун Кара-Мык, Кара-Тейит жана Алга айылдарында 4 баллга, Баткенде 2,5-3 баллга жеткен.

Саат 12:38де катталган жер титирөөнүн очогундагы күчү 5 баллга, саат 13:03тө катталган жер титирөө 4 баллга жетти. Анын күчү Кара-Мык, Кара-Тейит айылдарында 4,5 балл, Алга айылында 5 жана 4 балл болгон.

Кыргызстандын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, өлкө аймагында 3-4-майда 6 жолу жер титирөө катталган. Жер титирөө учурунда Оштогу Чоң-Алай районунун Чулук айылында сарайдын дубалы кулап, 1 адамды басып калган.

Тема боюнча:

03.05.2017Бүгүнкү жер титирөөдөн Чоң-Алайдагы дубалдарда жаракалар пайда болду
03.05.2017Жер титирөөдө Чоң-Алайдагы сарайдын дубалы 1 адамды басып калды
04.05.2017Жер титирөөдө Чоң-Алайда таш кулап, 110 баш кой өлдү
05.05.2017Бүгүнкү 4 жолку жер титирөөдөн Чоң-Алайдагы үйлөрдөн жарака кетип, дубалдар кулады
05.05.20173-майдан берки жер титирөөдөн Чоң-Алайда 903 турак үй жабыркады (фото)
07.05.2017Чоң-Алайдагы жер титирөөлөрдүн кесепетинен жалпы 510 чатырга 3 миңге жакын адам жайгаштырылды
08.05.2017Түндө Чоң-Алайда кайрадан жер титиреди
08.05.2017Видео: Чоң-Алайда жер титирөөдөн кийин ашар менен салынган мектеп толук жарактан чыкты
09.05.2017АКИ-ТV: Жер титирөөдөн жабыркаган Чоң-Алайдагы азыркы абал
15.05.2017Чоң-Алайдагы жер титирөөдө чочуп ооруканага жаткырылган кош бойлуу 6 аялдын экөөсү төрөдү
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 555
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу