Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ош

Жаңы-Алайдагы окуучулар малчыларга салынган эски үйдө окуп жатышат (фото)

Turmush -  Алай районунун Жаңы-Алай айыл өкмөтүндөгү С.Ашимов атындагы орто мектебинин имараты талапка жооп бербейт. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда аталган мектепке Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков, Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов баш болгон чиновниктер келгенде айтылды.

Мектеп директору Аскар Адапбаевдин айтымында, жаңы мектептин курулушу 2015-жылы башталганы менен акча каражатты бөлүнбөй келет. Мектеп алгач малчылар жашоочу үй болуп салынган.

«Бизде мектеп жоктугунан малчыларга салынган үй колдонулат. Кийин 1990-жылы 3 класстык болуп, 2000-жылы 4 класстык болуп ашар жолу менен курулган. Мектеп санитардык жактан дагы талапка жооп бербейт. Азыр жалпы 7-класста 476 бала билим алат. Жылытуу системасы дагы көмүр менен. Кышкысын кыйынчылык көп. Мектепке болгон муктаждык көп жылдан бери күчүндө турат. 2015-жылы жаңы мектептин курулушу башталган. Азыркы мектеп 225 орунду болуп салынат. Сметалык баасы 45 млн сом. 3 млн сом каралган бойдон каражат бөлүнгөн эмес», - деди директор.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 770
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×