Бөлүмдөр
Ишемби, 23-июнь
Талас

Айыл турмушу: Таластык чебер А.Чаткалбаева жаш балдардын 300 сомдук кийимдерин тигет (фото)

Turmush -  Таластык 47 жаштагы кол өнөрчү Айгүл Чаткалбаева 15 жылдан бери кийим-кече, төшөктөрдү тигет. Аймактык кабарчы чебер айым менен таанышты.

Анын айтымында, Манас районунун Ак-Таш айылында туулган. Кесиби боюнча тигүүчү. 1994-жылы Бакай-Ата районунун 1-Май айылына келин болуп, 2002-жылдан бери үйүнөн чеберчилик менен алектенет. Кардарлары буйрутма берип кетишет.

«Көпчүлүк учурда келиндерге белдемчиге буйрутма алсам жаш балдарга күрмөлөрдү тиктирип жүрүшөт. Буга катар курак курайм. Кол өнөрчүлүк чоң апаман келген болсо азыркы учурда улуу кызым мени тартып иштүү. Тиккен кийимдерим 250-300 сомго бааланат. Ал эми курактын баасы материалына жараша бааланат. Атам мага «бул кесип сага өмүр бою шерик болот» деген. Кесибимдин үзүрүн көрүп келе жатам», - деди ал.

Чебер айым жолдошу экөө 4 баланы тарбиялап жатышат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2107
Көп окулду
×