Бөлүмдөр
Жума, 20-апрель
Ош

Чоң-Алайда жер титирөөдөн жапа чеккендерге 1,5 млн сом тапшырылды

Turmush -  Жогорку Кеңештин депутаттары Чоң-Алай эли менен жолугуп, жер титирөөдөн жапа чеккендерге парламенттин атынан 1,5 млн сом тапшырды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Жер титирөөдөн жапа чеккен Жекенди айыл өкмөтүнүн Кара-Тейит айылынын тургундары эртерээк ссуда берүүнү суранышууда. Анткени айылга 4 айдан соң кыш келет. Айыл өкмөттө жалпы 25 үй камсыздандырылгандыктан 25 үйгө 200 миң сомдон төлөнүп берилээри айтылды.

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашев 200 тонна цемент, 25 тонна арматура арзандатылган баада алынып келип жатканын, колунда жок 15 үй бүлөгө 30 тонна цемент акысыз бериле турганын билдирди.

Кара-Тейит айылынын тургуну Исман Султанов элде акча жок болгондуктан арзандатылган баадагы цементтерди да ала албай жатканын айтып ссуда берүүнү суранды. Жергиликтүүлөрдүн баары кышка чейин үйлөрүнүн чатырын жаап алсак деген ойлорун айтып өтүштү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2014
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×