При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 30-май
67.95    76.27    1.2    KZT 0.22

Чоң-Алайда жер титирөөдөн жапа чеккендерге 1,5 млн сом тапшырылды

Turmush -  Жогорку Кеңештин депутаттары Чоң-Алай эли менен жолугуп, жер титирөөдөн жапа чеккендерге парламенттин атынан 1,5 млн сом тапшырды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Жер титирөөдөн жапа чеккен Жекенди айыл өкмөтүнүн Кара-Тейит айылынын тургундары эртерээк ссуда берүүнү суранышууда. Анткени айылга 4 айдан соң кыш келет. Айыл өкмөттө жалпы 25 үй камсыздандырылгандыктан 25 үйгө 200 миң сомдон төлөнүп берилээри айтылды.

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашев 200 тонна цемент, 25 тонна арматура арзандатылган баада алынып келип жатканын, колунда жок 15 үй бүлөгө 30 тонна цемент акысыз бериле турганын билдирди.

Кара-Тейит айылынын тургуну Исман Султанов элде акча жок болгондуктан арзандатылган баадагы цементтерди да ала албай жатканын айтып ссуда берүүнү суранды. Жергиликтүүлөрдүн баары кышка чейин үйлөрүнүн чатырын жаап алсак деген ойлорун айтып өтүштү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 588
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
Amalyat
13:26, 21 мая 2017
Главное, чтоб все выделенные средства пошли по назначению, а не осели у кого-то в кармане. Думаю спикер ЖК, да и депутаты отследят этот момент
Нет аватара
sonya7
12:47, 21 мая 2017
Ушундай соц.объектерди, уйлорду негизи страховать этишк керек, элге страхование нин керектигин жеткизиш керек. Депутаттарга, торога Чыныбай Турсунбековко жардамына чооон рахмат
Көп окулду
×