Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.51    80.77    1.2    KZT 0.21
Ош

Жер титирөөдөн үйү жараксыз болгон Чоң-Алайдагы жалгыз бой эне жардамга муктаж

Turmush -  Чоң-Алай районунун Карамык айылында Раатбүбү Арпидинова балдары менен жашаган үй жер титирөөдөн улам жараксыз абалга келди. Жалгыз бой эненин кайрадан үй курууга каражаты жок.

Өзү варикоз оорусу менен жабыркагандыктан, оор иштерди аткара албайт. Жолдошу каза болгондон бери 2 баласын жалгыз тарбиялап жатканын билдирди.

«Өзүм мугалим болуп эмгектенем. Буга чейин жолдошум курган үйдө жашачумун. Катуу жер титирөөдөн үйүбүз 4-даражада жабыркап, жараксыз болуп табылды. Азыр чатырда баш калкалап жатабыз. Үй курууга каражатым дагы, күчүм дагы жетпейт. Өзүм варикоз оорусу менен ооруп, убагы менен дарыланып турам. Балдарым 4-5-класстарда билим алышат. Жолдошум оорудан улам каза болуп калган», - деди ал.

Жалгыз бой эне жардам сурап Жогорку Кеңештин депутаттарына да кат жолдогонун кошумчалады.

3-майдан 7-майга чейин кыргыз-тажик чек арасында 10дон ашык жер силкинүү катталган.

Кыргызстандын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, өлкө аймагында 3-4-майда 6 жолу жер титирөө катталды. Жер титирөө учурунда Оштогу Чоң-Алай районунун Чулук айылында сарайдын дубалы кулап, 1 адамды басып калган. Жабырлануучуну коңшулары куткарып калууга жетишкен.

Жер титирөөнүн кесепетинен Чоң-Алай районунда жалпы 1 миңден ашык турак жай текшерилди. Анын ичинен 8 үй урап түшкөн жана 530дан ашык турак жай авариялык абалда деп табылды.

Жер титирөөнүн кесепеттери:

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 773
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×