Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 11-декабрь
69.75    81.86    1.18    KZT 0.21
Ош

Кара-Суудагы көп улуттун жаштары достук кечеде жолугушту

Turmush -  Кара-Суу шаарында «Жаштар элибизди ынтымакка чакырат» аталышындагы достук кече уюштурулуп, ар улуттун өкүлдөрү катышты. Анын алкагында коомдук-саясий абалдын туруктуулугун сактоо, өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу максатында талкуу да жүрдү.

Буга чейин Кара-Суу шаарындагы окуучулар арасында мушташ чыгып, улуттар аралык бөлүнүү кооптуулугу жаралган. Мындан улам жергиликтүү бийлик аларды элдештирүү жана достукту бекемдөө максатындагы иш-чараларды уюштурууну чечкен.

«УКМнын кызматкерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жаштардын катышуусундагы иш-чарада мотивациялык сөздөр айтылды. Алар биздин келечегибиз экендигин түшүндүрдүк. Улуттар аралык достукту бекемдөө, ар бир улут менен ынтымакта жашоо — тынчтыктын символу», - деди Кара-Суу шаарынын мэри Зарлык Тургунбаев.

8

7

2

1

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1213
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×