Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-май
Ош

Фото - Алайдагы мектепти, турак үйлөрдү селден кийинки кум-шагыл каптады

Turmush -  Алай районунун Гүлчө айыл аймагындагы мектептин имараты менен 3 турак үйдү сел калдыктары каптап, көпүрөнү суу агызып кетти. Адамдар жабыркаган жок.

ӨКМ билдиргендей, 23-майга караган түнү Жылуу-Суу айылындагы Аданбаев атындагы орто мектептин пайдубалына чейин кум-шагыл аралашкан сел калдыктары каптаган. Андан тышкары, 3 турак үйдүн короолоруна сел суулары кирип, Таң-Атаар жайлоосуна баруучу ички чарбалык жолдун 150 метр аралыгын жараксыз абалга келтирген. Чаткы-Мазар тилкесине өтүүчү ашар жолу менен курулган ички чарбалык көпүрөнү да суу агызып кетти.

Кечээ, 24-май күнү жеринде ӨКМдин райондук бөлүмүнүн башчысы, айыл аймактын жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүшкөн. Учурда жергиликтүү бийлик атайын техникалар менен калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү аракетин көрүүдө.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1594
×