Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-октябрь
68.43    80.97    1.19    KZT 0.2
Ош

Видео - Кара-Кулжада шайлоо учурунда АШКнын мүчөлөрү жашыруун добуш берүүчү жайга туруп алышты, - байкоочулар

Turmush -  Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа аймактык кеңешиндеги шайлоо учурунда тартип бузуулар болуп жаткандыгын атын атагысы келбеген байкоочулар Turmush басылмасынын кабарчысына билдиришти. Маалым болгондой, №5009 шайлоо тилкесинде АШКнын төрагасы шайлоочулар жашыруун добуш берүүчү жайга барып жатат.

Ал эми, бул окуя тууралуу БШКнын Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын атайын өкүлүнүн билдирүүсүнө караганда, №5009 тилкесинин 80 жаштагы шайлоочусу Мойдун Уратовдун көзү жакшы көрбөгөндүктөн жана жанында ишенимдүү адамы болбогондуктан өзүнүн каалоосундагы талапкерди белгилеп берүү үчүн АШКнын төрагасына кайрылган. Байкоочулар М.Уратовдун өтүнүчү менен төрагага талапкерди белгилеп берүүгө өз макулдуктарын беришкен.
Азыркы тапта Кара-Кулжада 7 шайлоо тилкеси иштеп жатат. Жалпы 10 миң 3 шайлоочу бар. Анын ичинен эртең мененки саат 8:00дөн баштап 16:00гө чейин 3 миң 278 шайлоочу айылдык кеңештин талапкерлерине өз добуштарын беришти.
Бүгүн, 28-майда саат 08:00дө Кыргызстандын аймактарындагы 41 аймактык шайлоо комиссияларында жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо башталды. БШКнын билдирүүсү боюнча, алардын ичинде 8 шаардык кеңеш, 33 аймактык кеңештер бар. Жергиликтүү кеңештердин жыйырмасы мөөнөтүнөн мурда таратылган.
Шайлоочулардын тизмесине 272 миң 114 шайлоочу катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен 811 депутат шайланат (613 депутат айылдык кеңешке, 198 депутат шаардык кеңешке. Ал эми, талапкерлердин саны 4 миң 423 адамга (1 миң 872 талапкер айылдык кеңештерге, 2551 талапкер шаардык кеңешке) жеткен.
Кечээ, 27-майда ден соолугуна байланыштуу шайлоо тилкелерине бара албаган шайлоочулар арызынын негизинде үйлөрүндө көчмө урна аркылуу добуш беришти.
Учурда бүгүнкү шайлоого байланыштуу БШКда 1255, 62 62 55, 62 02 40 түз байланыш номурлары иштеп жатат. Жергилитүү эл өкүлдөрүн шайлоо бүгүн, 28-майда саат 20:00гө чейин өтөт.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2509
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
Beku-76
14:02, 28 мая 2017
Улгайган кишиге жардам бериптирго, эч кандай мааниси жок.
Көп окулду
×