Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.51    80.77    1.2    KZT 0.21
Ош

Алайда балдар үчүн акысыз бал муздактар таратылды (фото)

Turmush -  Балдарды коргоо күнүнө карата бүгүн, 30-майда Алай райондук администрациянын алдында чоң салтанат өттү, деп билдирди кабарчы.

Анда райондун борборундагы бала бакчалардын тарбиялануучулары ыр ырдап, бий бийлеп, асфальтка балалыкты, эненин мээримин, тынчтыкты чагылдырган сүрөттөрдү тартышты. Жаш бөбөктөрдү Алай районунун акими Илияз Ташкулов, Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Досманбет Жээнбеков куттуктап, андан кийин бала бакчанын концерттик программасы тартууланды. Майрамдын алкагында балдарга сыйлыктар берилип, акысыз бал муздактар таратылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 657
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×