Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Ош

«Эгиздер»: 4 жаштагы Элхан менен Нуркандын эгиз экенин апасы боюнан алдыртуу үчүн дарыгерге барганда билген (фото)

Turmush -  «Эгиздер» долбоорунун кезектеги каармандары — Кара-Суу районундагы Жаңы-Маданият айылында жашаган 4 жаштагы Элхан менен Нуркан.

Апасынын айтымында, эгиздер эки тондо жаткандыктан, бири-бирине көп окшошо бербейт. Бирок, бири-бирине деген сагыныч, жакшы көрүү сезими күч.

«Эгиздерге чейин 6 балалуу болгонбуз. Кош бойлуу экенимди билип, боюмдан алдыртайын деп дарыгерге барсам эгиз экенин айтты. Аны билгенде оюмдан кайтып, эгиз балдарым 2013-жылдын 2-февралында жарык дүйнөгө келди. Алгач кызым 2,5 кг салмакта, андан жарым сааттан кийин уулум 3 кг болуп төрөлдү. Экөө эки башка тондо жаткандыктан окшош деп айта албайм. Мүнөздөрү да башкача. Кызым лидерлик сапатка ээ. Айтканынан кайтпаган, өжөр мүнөзү бар. Уулум тескерисинче токтоо, мага күйүмдүү. Бири-бирин көрбөй калса издеп, "Кана, каякта жүрөт, эмне кылып жатат?" деп сурап турушат. Бири ооруса, экинчиси да сөзсүз ооруйт. Эгиз балдарымды тагдырдын белеги катары кабыл алдым», - деди баатыр эне Акылай Таирова.

Бул учурда ойноп жүргөн эгиздерге да суроо узаттык.

- Өзүңөрдү тааныштыргылачы.

- Менин атым Нуркан.

- Мен Элханмын.

- Канчага чыктыңар?

-Нуркан: Билбейм канчага чыкканыбызды. Бирок, менден Элхан чоң. Бою менен узун.

- Элхан: Төрткө чыктык десең Нуркан. Ооба, мен чоңмун.

- Кандай адамдар эгиз болот?

-Нуркан: Аты окшош адамдар эгиз болот. Мисалы Элхан, Нуркан.

-Элхан: Кандай адамдар эгиз болоорун билбейм. Нуркан эмне айтса мен да ошону кайталап айтам.

- Чоңойгондо ким болосуңар?

- Нуркан: Врач болом.

- Элхан: Мен боксер болом.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1832
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×