Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Ош

Араван райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысына сөгүш жарыяланды

Turmush -  Араван райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы ишиндеги кемчилиги үчүн сөгүш алды. Бул тууралуу бүгүн, 31-майда билим берүү тармагы жана таза суу маселесин караган облустук коллегиялык жыйында айтылды.

«Ишиндеги кемчилдиктери жана райондогу билим берүүнүн деңгээлинин төмөндүгүнө байланыштуу коллегия мүчөлөрү тарабынан Араван райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысына сөгүш жарыяланды. Ошондой эле, Кара-Кулжа, Ноокат, Өзгөн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчыларына эскертүү берилип, калгандарына жоопкерчиликти күчөтүү милдеттендирилди», - деп айтылат өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн билдирүүсүндө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 991
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×