При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Алайдын Көл-Чаты айылындагы эл өз күчү менен таза суу чыгаруу иштерин башташты

Turmush -  Алай районунун Бүлөлү айыл өкмөтүнө караштуу Көл-Чаты айылынын тургундары өздөрү демилге көтөрүп, таза суу чыгарып жатышат. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн жер боюнча адиси Бакыт Артыков аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, айылда буга чейин таза суу чыккан эмес.

«Жергиликтүү тургундар дарыядан алган сууну ичип келишкен. Быйыл Көл-Чаты айылынын тургундары булактан айылга таза суу тарттырып келүү аракетин көрүп жатышат. Учурда сууну топтоочу суу кампаны куруу иштери жүрүүдө. Мындан сырткары, суу түтүктөрүн орнотуу үчүн 500 метр жер казылган. Эми айылда 5 жерге суу чыгарылат», - деди Б.Артыков.

Ошондой эле, жергиликтүү тургундар суу түтүктөр аркылуу үйлөрүнөн да суу чыгарууга болот.

1

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 381
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×