При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Акыркы суткада өлкө аймагында 11 өрт чыкты

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 11 өрт кырсыктары катталды. Аларды өчүрүүгө 12 өрт өчүрүү бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди ӨКМ.

Оштогу Кара-Суу районунун Садырбай  айылындагы эки кабаттуу бастырмадан өрт чыкты. Өрт учурунда бастырманын чатыры, 100 боо жүгөрү бакалы жана 100 түк чөп күйгөн. Адамдар жабыркаган жок. Өрткө электр жабдууларын техникалык пайдаланууда өрт коопсуздук эреженин бузулушу себеп болгон.

Ушундай эле себеп менен Таластын Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айылында «Ауди С 4» үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйүп кетти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 269
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×