Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Ош

Фото - Кара-Кулжада 1 жыл мурун экс-спикер менен Улуу Британиянын элчиси ачкан көпүрө кулап калды

Turmush -  Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айыл аймагындагы Биринчи Май айылында бир жыл мурда пайдаланууга берилген көпүрө жараксыз абалга келди. Көпүрө 23-майда жана 29-майда каптаган селден улам бузулду, деп билдирди айыл өкмөт башчы Данияр Кадыров.

Бул көпүрөнүн ачылышы 2016-жылдын 26-апрелинде өтүп, пайдаланууга берилген. Ачылыш аземге Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Асылбек Жээнбеков, Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Робин Орд Смит катышкан эле.

Курулуш иштериндеги жалпы сметалык баа 8 млн 939 миң сомду түзүп, анын ичинен донорлор 6 млн 219 миң сомун, жергиликтүү өнөктөштөр 2 млн 720 миң сомун каржылаган.

Учурда Кара-Кулжа районунда жалпысынан 100 миңден ашуун калк жашайт. Көк-Жар суусуна курулган көпүрөнү 10 миңден ашуун адам пайдаланып жаткан. Буга чейин жергиликтүүлөр үчүн жайытка жетүү көйгөй болуп, сел каптаган учурда 10-15 күндөп күтүүгө туура келген. Ошондой эле, мал-жандыктар, адамдар да сууга агып кеткен учурлар кездешкен.

Көпүрөнүн өйүзүндө Көк-Жар, Сары-Бээ, Ак-Таш, Жүлгүр, Ой-Алма, Кур-Сай, Жүрөк-Таш, Уугур, Чоң-Уугур жайлоолору жайгашкан.

Көпүрөнүн пайдаланууга берилиши

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 11307
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×