Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.51    80.77    1.2    KZT 0.21
Ош

Ош—Бишкек жолунда 42 жаштагы аялды өлтүрүп, качып кеткен айдоочу кармалды

Turmush -  Ош—Бишкек унаа жолунун 649-чакырымында унаа сүзүп кеткен 42 жаштагы аял көз жумду. Ош ОИИБдин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, Кара-Суу районунун аймагындагы авария тууралуу 31-майда саат 23:24 чамасында милицияга билдирүү түшкөн.

Тергөө иштери менен белгилүү болгондой, катуу ылдамдыкта бара жаткан унаа «Кабылан-Ата» дүкөнүнүн жанынан жөө жүргүнчүнү сүзүп, айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен. Жабырлануучу алган жаракатынын кесепетинен ошол жерде көз жумган. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери каза болгон аял 1975-жылы туулган жергиликтүү тургун Т.Жүзүмкан экенин такташкан.

Айдоочуну кармоо үчүн ошол күнү атайын операция жарыяланып, ОИИБдин патрулчулары менен Кара-Суу РИИБдин кызматкерлери тарабынан шектүү катары 1992-жылы туулган К.С. кармалды. Алдын ала маалыматтар боюнча, шектүү айдоочу Кара-Суу районунун тургуну.

Учурда тергөө иштери улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 966
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×