Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-октябрь
68.43    80.97    1.19    KZT 0.2
Ош

Айыл турмушу: Кара-суулук Ж.Матанбаев өзгөчө кооздолгон калпактарды тигип баштады (фото)

Turmush -  Кара-Суу районундагы Кыргыз-Чек айылынын 26 жаштагы жашоочусу Жоомарт Матанбаев калпак тигип, үй-бүлөсүн жумуш менен камсыз кылууда. Жоомарт бала кезинен эле калпакка жакын. Анын кыргыз калпактарына өзгөртүү киргизсем деген ниети бар.

«Бала кезимден бери улуттук баш кийимибиз болгон калпакты жакшы көрөм. Быйыл калпак тигүүгө керектүү болгон кездемелерди алып келип, калпак тигүүнү баштадык. Буга чейин калпак тигип көргөн эмесмин, бирок учурда жакшы өздөштүрүп калдым. Калпакка түшүрүлүүчү оймолорду өзүм салам. Учурда мага апам, жеңелерим жардам берип жатат. Биздин калпактар башкалардан орнаменттери менен айырмаланып турат», - деди Жоомарт.

Анын жеңеси Айсалкын Абдиллаеванын айтымында, учурда 3 түрдүү калпактар тигилип жатат.

«Учурда ак калпак, кара калпак жана жаш балдардын калпактары бар. Албетте, бул иштин дагы түйшүгү бар. Азырынча үйдөн алынган буйрутмалар менен иштеп жатабыз», - деди А.Абдиллаева.

Кол өнөрчү үй-бүлө тиккен калпактарды соодагерлер 45 сомдон тарта 100 сомго чейин сатып алышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2020
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×