При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 28-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Жогорку Кеңештин депутаттары өзгөндүктөр менен жолугушууга келди (фото)

Turmush -  Бүгүн, 3-июнда Өзгөн районунун тургундары менен жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары Аалы Карашев, Улан Примов, Абдувахап Нурбаев, Аида Касымалиева жана Нодирбек Каримов келди. Эл өкүлдөрү өзгөндүктөрдүн суроолоруна жооп берип жатат, деп билдирди аймактык кабарчы.

Жолугушууда жер көчкүдөн жабыркагандардын көйгөйлөрүн чечүү, пенсия, жөлөк пул, мугалимдердин айлык акысы, жол куруу, жумуш орундарын түзүү, кышка даярдык, базар баасын көзөмөлдөө жана социалдык мекемелердин курулушу сыяктуу маселелер талкууга алынууда.

Депутат У.Примов Дөң-Булак, Кызыл-Сеңир, Аюу айылындагы мүмкүнчүлүгү чектелген жашоочуларга кышка карата көмүр жөнөтүүгө аракет көрүлө турганын айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 693
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×