При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 28-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Айыл турмушу: Кара-суулук Темировдун үй-бүлөсү көпчүлүк соодагерлерди курут, сары май менен камсыздайт

Turmush -  Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүнө караштуу Кожокелең айылынын тургуну Гүлзар Осмонова жылына 300 кг ашык курут жасайт. Гүлзар айым жолдошу Маматазиз Темиров менен жайлоодо мал чарбачылык менен алектенгенине быйыл 4 жыл болду.

Жайлоодогу алгачкы жылдары ал жасаган куруттарды сатып алган кардарлары менен азыркыга чейин иштешип жатканын кошумчалады.

«Мындан 4 жыл мурда мал чарбачылыкка ыңгайлуу жер издеп жүрүп, ушул жерге көчүп келдик. Биздин убактыбыз сүт тартып, май даярдоо менен өтөт. Ал эми, жолдошум мал-жандыктарды кароо менен алек. Жайкысын таза сүзмөдөн курут жасап, май сызгырып, чөбөгө жасайбыз. Аны кышкысын соодагерлер алып, базарда чыгарып сатышат», - деди Г.Осмонова.

Ал жылына куруттан тышкары 100 кг жакын сары май жана чөбөгө жасайт.

«Даяр болгон куруттардын баасын жайкысын эле соодагерлер белгилеп коюшат. Сары майды, чөбөгөнү деле өздөрү алып кетишет. Куруттун килограммы кышкысын 130 сомдон, ал эми сары май 200 сомдон бааланат», - деди Осмонова.

Мал чарбачылык менен алектенген үй-бүлө 4 балага тарбия берүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 545
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×