При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Ноокатта кутурмага шектелген ит 6 адамды тиштеди

Turmush -  Ноокат районундагы Бел айыл өкмөтүндө кутурмага шектелген ит 6 адамды тиштеди. Бул тууралуу Ноокат райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санэпидкөзөмөл борборунун башкы дарыгери Эртабылды Көкөзов билдирди.

Анын айтымында, Бел айыл аймагында акыркы жумада кутурмага байланыштуу эки окуя болгон. Жайлоодон 3 күн мурда кутурган малдын өлүгү табылган. Мал кутурма менен ооруп өлгөнү аныкталып, ал жерде жашаган адамдар эмдөөдөн өтүшкөн. Азырынча өлгөн малды эмне тиштегени билгисиз.

Андан 2 күн өткөндөн кийин Бел айылында байланып турган ит бошонуп, 6 адамды тиштеген. Алардын бири катуу жарат алса, бешөө жеңил жаракат алышкан. Учурда жабырлануучулар кутурма оорусуна каршы эмдөөдөн өтүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 503
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×