Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Ош

Ноокатта талаадан оң колу жок табылган ымыркайды энеси айына жетпей төрөгөн, - милиция

Turmush -  Ноокаттын Төөлөс айыл аймагындагы Толман айылында арыктын жээгинен денеси табылган ымыркайдын энеси ошол жерден көз жарышы мүмкүн. Ош облустук ички иштер башкармалыгы учурда бул факты териштирилип жатканын билдирди.

Буга чейин белгисиз адам талаага таштап кеткен ымыркайдын оң колу жок денеси 4-июнда табылганы маалымдалган. Ошол жерден ымыркай кыздын баштыкка салынган тону кошо табылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал айына жетпей, 6-7 айлык болуп төрөлгөн.

Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, учурда ымыркайдын энесин издөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 11111
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×