При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 18-август
68.71    80.58    1.15    KZT 0.21

Ноокатта 6 адамды тиштеген ит кутурма болбогону аныкталды

Turmush -  Ноокат районундагы Бел айыл өкмөтүндө 6 адамды тиштеген ит кутурма болбогону аныкталды. Айылдаштарды тиштеп алгандан кийин атылган ит атайын текшерүүдөн өттү, деп билдирди райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санэпидкөзөмөл борборунун башкы дарыгери Эртабылды Көккөзов.

Белгилүү болгондой, кутурмага шектелген ит 3-июнда байланып турган жеринен бошонуп кеткен.

Буга чейин Бел айыл аймагындагы жайлоодон 3 күн мурда кутурган малдын өлүгү табылганы маалымдалган. Мал кутурма менен ооруп өлгөнү аныкталып, ал жерде жашаган адамдар эмдөөдөн өтүшкөн. Азырынча өлгөн малды эмне тиштегени билгисиз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 834
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу