Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-октябрь
68.43    80.97    1.19    KZT 0.2
Ош

Элдик уламыш: Чоң-Алайдагы Жибек жайлоосуна уруусун жоодон сактап, жаанын жебесинен каза болгон сулуу кыз көмүлгөн

Turmush -  Чоң-Алай районуна караштуу Кашка-Суу айылында Жибек жайлоосу бар. Уламыштарга бай жайлоонун аталышы тууралуу эл оозунда ар кандай жоромолдор айтылып келет. Жайлоонун кооздугу, шибер чөптөрү, куштардын көптүгүн сулуу кыздай кулпурат деген таризде кыздын ысымы берилген деген кептер да бар.

Экинчи жоромол боюнча, СССР мезгилинде жибек курттарды аталган жайлоодон өндүргөндүктөн ушундай аталышы мүмкүн.

Үчүнчү жоромолдо бул жайлоонун аймагынан Улуу Жибек жолу өткөнү айтылат. Кытайга өтүүчү соодагерлер кербенин аталган жайлоо аркылуу алып өтүшкөн.

Ал эми элдик уламыштар боюнча, аталган жайлоодо адамдар отурукташып жашаган. Байдылда аттуу байдын Жибек деген сулуу кызы болгон. Кызы акылдуу, келишимдүү болгондуктан анын колун сураган адамдар өтө көп келишкен. Эч бирине макул болбогон кызга бир уруу эл башкача жол менен барууну убадалашат. Кыздын колун салт боюнча сурап барса макул болбогонуна ызаланышып, Байдылда байдын уруусун чаап кирет. Кол салганда туугандары, айылдаштары тоого карап качышат. Ак мөңгүлүү тоонун түбүнө жүгүнүн жарым бөлүгүн, анын ичинде айран, сүзмөлөрдү жердин түбүнө катышат. Анткени, муздак жерде айран, сүзмө көпкө сакталып турган. Тамак-ашынын жарымын каткан эл андан ары жол улап, тоого барып такалышат. Бул убакта Жибек жоонун жолун торомок болуп, байкесинин кийимин кийип, чабуулга даярданат. Айрым маалыматтарда Жибектин жалгыз агасы нойгуттар менен болгон кармашта каза болуп, кийимдерин душман келгенде Жибек кийчү деп айтылат.

Көпчүлүккө каршы турган сулуу кызга жаанын жебеси тийип, сууга кулаган. Бир нече аралыкка агызып барып, суу анын денесин жээкке чыгарып койгон. Ал убакта Жибек көз жумган болот. Ууланган жебеден каза болгон кызды жакындары ошол жерден жерге беришет. Андан кийин ошол аймак баатыр кыздын атынан аталып калган деп айтылып келет.

Ал эми айран, сүзмө көмүлгөн жерди кийин издеп таппай калышкан. Жибек каза болгондон кийин айран көмүлгөн жерден ак суу чыгып, беш булактын көзү ачылган деген уламыштар да айтылып келет. Ал булак бүгүнкү күнгө чейин сакталып турат. Ал дарылык касиетке ээ деп ишенгендер да көп.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2573
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Элдик уламыштар
×