При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 28-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Алайдын Арпа-Тектир айылында алгачкы жолу таза суу чыгарылып жатат

Turmush -  Алай районунун Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Арпа-Тектир айылында алгачкы жолу таза суу чыгарылып жатат. Союз мезгилинен бери таза сууга муктаж болгон эл өзү демилге көтөрүшкөн. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн башчысы Асылбек Азимжанов билдирди.

Анын айтымында, мындан 4 жыл мурун 80 метр тереңдиктен суу чыгарылган. Бирок, суу туздуу болуп, пайдаланылган эмес.

«Биздин айыл өкмөттө 5 айыл бар. Боз-Караган айылы менен Кара-Шоро айылынын ортосундагы Арпа-Тектир айылында суу жок. Эки айылга 90 метр жердин түбүнөн таза суу чыгарганбыз. Учурда эки айылга түтүктөрдү орнотуп жатабыз. Арпа-Тектир айылында буга чейин СССР мезгилинде суу чыккан. Азыр ал айылдагы эски суу түтүктөрдү алмаштырып жатабыз. Бул иштерге демөөрчүлөр тарабынан 300 миң сом, жергиликтүү бюджеттен 500 миң сом каралган. Суу түтүктөрү толугу менен орнотулса айыл эли таза суу менен камсыз болот», - деди А.Азимжанов.

Ошондой эле, Жар-Кыштак айылында суу жок. Ал айылга Гүлчө айыл өкмөтүнөн суу тарттыруу пландалып жатат.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 404
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×