Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Ош

Алайдын Коңур-Дөбө айыл өкмөтүндөгү негизги көчөлөр түнкүсүн да жарык болот

Turmush -  Алай районунун Коңур-Дөбө айыл өкмөтүндөгү 4 айылдын негизги көчөлөрүнө түнкүсүн жарык берүүчү жабдуулар орнотулду. Айыл өкмөттүн башчысы Асылбек Азимжановдун айтымында, айыл өкмөт боюнча жалпы 5 айыл бар.

«Биздин айылдар жакын жайгашкан. Учурда Правда, Кара-Шоро, Боз-Караган, Арпа-Тектир айылдарынын чоң көчөлөрүнө түнкүсүн жарык берүүчү чырактарды орнотуп бүттүк. Бул иштерге жергиликтүү бюджеттен 120 миң сом каралды. Ошондой эле, учурда «Кыргыз телеком» менен келишим түзүп, интернет байланышын алып келүү аракеттери көрүлүп жатат», - деди А.Азимжанов.

Ошондой эле, жаңы окуу жылына карата Ташиев жана Арпа-Тектир орто мектептери интернет менен иштеген интерактивдүү такталар менен камсыз болот. Буга айыл өкмөттүн бюджетинен 240 миң сом бөлүндү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 821
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
19:13,   14.12.2017   ( 4 адам окуп жатат)
×