Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-май
Ош

Гүлчөдөгү бала бакчанын 2 кабаттуу жаңы имараты ачылды (фото)

Turmush -  Алай районунун Гүлчө айылындагы №2 «Дөөлөт» бала бакчасынын жаңы имараты 10-июнда пайдаланууга берилип, кызыл тасмасы кесилди. Айылдык кеңештин төрагасы  Курстанбек Дейдиев билдиргендей, ачылыш аземге өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков, билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов, Алай районунун акими Ильяз Ташкулов, билим берүү бөлүмүнүн башчысы Досманбет Жээнбеков  катышты.

120 орунду бала бакчанын курулуш иши 2014-жылы башталган.

«Бул бала бакча айылдагы заманбап бакча болду. 2 кабаттуу имарат толук шарты менен пайдаланууга берилди. Бул бала бакчадан мыкты жеткинчектер өсүп чыгат», - деди төрага.  

Буга чейин айылдагы балдар курулуш иштерине байланыштуу менчик үйдө тарбияланып келишкен.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1928
×