Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.51    80.77    1.2    KZT 0.21
Ош

Өзгөндө аты менен кошо Жазы дарыясына агып кеткен эркек киши изделип жатат

Turmush -  Өзгөн районунда аты менен кошо Жазы дарыясына түшүп кеткен жергиликтүү тургунду издөө иштери улантылып жатат, деп маалымдайт ӨКМ.

Адыр айылынын 67 жаштагы тургуну А.Т. 2017-жылдын 20-майында саат 17:00 чамасында Мырза-Аке айыл аймагында Өзгөн—Кара-Шоро жолунун 57-чакырымында мал айдап бара жатып, аты менен кошо дарыяга түшүп кеткен. Кечээ, 11-июндагы издөө иштерине ӨКМдин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын куткаруучулары чыкты. Бирок, дене табылган жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 657
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×