Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Ош

Тажрыйбалуу дарыгерлер Өзгөндөгү жашоочуларды акысыз текшерүүдөн өткөрүп жатат

Turmush -  Өзгөн районунун Ийри-Суу айыл өкмөтүндөгү 1700 жашоочу медициналык кароодон өттү. Анын ичинен 40 адам жүрөк оорусу менен жабыркаганы аныкталды, деп билдирди республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун түштүк филиалынын жетекчиси Жаннатхан Муратова.

Анын айтымында, учурда калктын саламаттыгын чыңдоо максатында дарыгерлер жетишсиз аймактарда «Ден соолук кербени» уюштурулуп, жашоочулар өз айылдарында медициналык кароодон өткөрүлүүдө.

«Буга чейин Алай, Чоң-Алай райондорундагы тургундарды медициналык кароодон өткөргөнбүз. Учурда Өзгөн районунун жарандары текшерүүдөн өтүп жатат. 2 күн катары менен Өзгөн районунун Ийри-Суу айыл өкмөтүнө барып, 1 миң 700 жашоочуну кароодон өткөрдүк. Анын ичинен 194 адамдын ар кандай дарттары аныкталды. Ал эми, 40 адам жүрөк - кан тамыр оорусу менен жабыркаганы белгилүү болду. Алардын ичинен абалы оор 12 бейтапты Ош облустар аралык клиникалык ооруканасына жөнөттүк», - деди Ж.Муратова.

Учурда кербен Өзгөн районунун башка айыл өкмөттөрүндө иштеп жатат.

3

2

1

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1232
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×