Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-октябрь
68.43    80.97    1.19    KZT 0.2
Ош

А.Гафаров кайрадан Ноокат шаардык кеңештин төрагасы болду

Turmush -  Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы болуп кайрадан Абдурахман Гафаров шайланды. Шаардык мэрия маалымдагандай, төраганы шайлоо кечээ, 12-июнда өттү.

Жыйынга жалпы 20 депутат катышып, 1 эл өкүлү келген эмес. Шаардык кеңештин төрагалыгына жалгыз СДПК партиясынан А.Гафаровдун талапкерлиги көрсөтүлүп, 20 депутат бир добуштан колдоду.

Төрага Ноокат шаарында 1958-жылы туулган. 2013-жылдан бери Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы болуп эмгектенип келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 969
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×