Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    81.89    1.18    KZT 0.21
Ош

Фото — Т.Кулатов айыл өкмөтүндө Н.Мадимаровдун жетекчилигинде аткарылган алгылыктуу иштер

Turmush -  Ноокат районундагы Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн инфраструктурасын жакшыртуу максатындагы алгылыктуу иштер улантылып жатат. Бул багыттагы долбоорлор айыл өкмөттүн башчысы Мадимаров Нуридин Султановичтин жетекчилиги менен ишке ашууда.

А 35

Н.Мадимаров 1968-жылы Ноокат районуна караштуу Жал совхозунда туулган. Ал 2013-жылдан бери айыл өкмөт башчы болуп эмгектенип келүүдө.

Билими жана эмгек жолу:

- 2012-жылы БатМУдан инженер-технолог адистигин алган;

- 2004-2008-жылдары Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин депутаты;

- 2008-2012-жылдары Ноокат райондук кеңешинин депутаты;

- 2012-2013-жылдары Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин депутаты.

Сыйлыктары:

- «Муниципалдык кызматтын отличниги»;

- «Айыл чарбасынын отличниги»;

- ИИМдин медалы;

- Ноокат райондук администрациясынын Ардак грамотасы;

- Өкмөттүн Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн Ардак грамотасы.

Н.Мадимаров учурда жубайы менен бирге төрт балага тарбия берүүдө. 

А 25

Аткарылган иштер

2014-жылы Ак-Терек айылындагы К.Колдошов атындагы орто мектебинин жаңы имараты курулду. Курулушка 12 млн 850 миң сом сарпталган. Ошондой эле, Кожо-Арык айылында жайгашкан Т.Бекиев атындагы орто мектебинин ашканасын толук куруп бүтүрүүгө 1 млн 307 миң сом, Кош-Дөбө айылындагы Э.Эргешов орто мектебинин имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүүгө 4 млн 190 миң сом бөлүнгөн. Кожо-Арык айылындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин ашканасын оңдоп, жылуулук системасын орнотуп, көрктөндүрүү иштерине 3 млн 636 миң сом жумшалды.

Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн аймагында учурда 3 бала бакча бар. Арык-Тейит айылындагы «Арык Тейит нуру», Кожо-Арык айылындагы «Садыбакас Эргешов» жана «Жаша балалык таңы» бала бакчаларында 180 бала тарбияланып жатат.

Кожо-Арык айылында жайгашкан «Жаша балалык таңы» бала бакчасы 2014-2015-жылдары айыл өкмөттүн эсебинен курулду. Бала бакчанын имаратын жана ашканасын куруу үчүн 2 млн 500 миң сом, көмүркана жана канализациясына 344 миң сом, ал эми жалпы ички эмеректерине 3 млн 113 миң сом айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинен сарпталды.

Кожо-Арык айылындагы «Садыбакас Эргешов» атындагы бала бакча 2008-жылы ишке кирген. Анын ашканасын жаңыдан куруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 980 миң сом, ажаткана курууга 490 миң сом, ал эми ички эмеректерине 313 миң сом, ошондой эле балдар ойноочу аянтчасына 150 миң сом жумшалды.

Арык-Тейит айылында жайгашкан «Арык-Тейит нуру» бала бакчасы 2004-жылдан бери иштеп жатат. Бала бакчанын жылытуу системасы жана көмүрканасына 800 миң сом, ички инвентарларына 200 миң сом, ал эми имараттын сыртын тосуп, балдар ойноочу аянтча курууга 300 миң сом жергиликтүү бюджеттен коротулду.

2017-жылдын май айында 90 орундуу «Наристе балалык таңы» бала бакчасы ачылган. Бул бала бакчаны курууга жалпы 14 млн сом өлчөмүндөгү каражат айыл өкмөттүн бюджетинен сарпталды.

Ошондой эле, 2017-жылдын сентябрь айында Сарыбай айылындагы 50 орундуу «Алтын муун жеткинчек» бала бакчасын пайдаланууга берүү пландалып жатат. Анын имаратын куруу үчүн 11 млн 700 миң сом өлчөмүндө каражат бөлүнгөн.

Айыл өкмөттө 2017-жылы дагы эки бала бакчанын имаратын куруу иштери башталат. Анын бирин БУУнун өнүктүрүү программасы каржыласа, экинчиси меморандумдун негизинде курулат.

Мындан сырткары, Көк-Жар—Кулатов—Кызыл-Кыя унаа жолунун 17 чакырымы 70 млн сомго курулду. Ал эми, айыл өкмөттүн Кызыл-Булак айылында жайгашкан маданият үйүнүн имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн 3 млн 98 миң сом каражат талап кылынды.

Т.Кулатов атындагы музейдин имаратын кайрадан жаңылоого 676 миң сом, айыл өкмөттүн аймагын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерине 2 млн 975 миң сом, айыл өкмөт менен маданият үйдүн имараттарына электр жарыгын киргизүү үчүн 1 млн 703 миң сом сарпталды. Ошондой эле, айылдарга 20 даана трансформатор 8 млн сомго орнотулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3454
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×