При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 28-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

П.Дыйканов Кара-Кулжа районунун акими болду

Turmush -  Дыйканов Примберди Аширбекович Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким болуп дайындалды. Ал тууралуу буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

ПД

Райондун жаңы башчысын өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов жалпы жамаат менен район активине бүгүн, 14-июнда тааныштырды.  

П.Дыйканов 1957-жылы туулган. Үй-бүлөлүү, 4 уул, 1 кыздын атасы. 1978-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунан математика сабагы боюнча мугалим адистигин алган.

Сыйлыктары:

- 2005-жылы Ош облустук мамлекеттик администрациянын Ардак грамотасы;

- 2013-жылы өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак грамотасы;

- 2000-жылы Ош шаарынын 3000 жылдык юбилейине карата «Ош-3000» эстелик медалы менен сыйланган;

- «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы» төш белгиси;

- «Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун мыктысы» төш белгиси;

- Кыргыз тили коомунун «Ыйык тил» төш белгиси;

- 2015-жылы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын мыктысы» төш белгиси менен сыйланган;

- 2014-жылы «Кара-Кулжа районунун ардактуу атуулу» наамы ыйгарылган;

Класстык чини — Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын 3-класстагы
кеңешчиси.

Эмгек жолу:

- 1978-1981-жылдары Кара-Кулжа районунун (мурдагы Совет) Ылай-Талаа айылындагы К.Маркс атындагы мектебинде математика сабагы боюнча мугалим;

- 1981-1984-жылдары Кара-Кулжа айылындагы Кара-Кулжа орто мектебинин математика сабагы боюнча мугалими;

- 1984-1988-жылдары Кара-Кулжа орто мектебинин директорунун тарбиялык иштери боюнча орун басары;

- 1988-1995-жылдары Биймырза айылындагы Б.Бегиев атындагы орто мектебинин директору;

- 1995-2003-жылдары Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын аппаратынын жетекчиси;

- 2003-2016-жылдары Кара-Кулжа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы;

- 2016-жылдын 1-апрелинен баштап ушул мезгилге чейин Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары болуп иштеп келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 592
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×