При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Фото - Чоң-Алайдагы жер титирөөдөн жабыркаган 210 үй бузулуп, курулуш иштери башталды

Turmush -  Чоң-Алай районунун Жекенди айыл өкмөтүндө 210 турак жай бузулуп, курулуш иштери башталды. Бул тууралуу райондук администрациянын аппарат жетекчиси Файзидин Низамов билдирди.

Анын айтымында, 1 миң 468 тонна цемент, 70 миң кирпич, 88 тонна арматура арзан баада алынып келген. Учурда үй курууга мүмкүнчүлүгү жок үй-бүлөлөрдүн тизмеси такталууда.

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн кабарлангандай, аз камсыз болгон 15 үй-бүлөгө 2 тоннадан жалпы 30 тонна цемент бекер таратылды. Дагы кошумча 500 тонна цемент алып келүү үчүн Кызыл-Кыя цемент заводуна акча которулду.

Буга чейин маалымдалгандай, Чоң-Алай районундагы жер титирөөдөн жана Өзгөн районундагы жер көчкүдөн турак жайлары жабыр тарткан жарандарга атайын эсеп ачылган. 12-июнга карата Чоң-Алай районундагы жашоочулар үчүн 23 млн 173 миң сом акча каражат түштү.

Чоң-Алай районундагы жер титирөөнүн кесепетинен жабыркаган Жекенди айыл аймагынын Кара-Мык, Кара-Тейит, Шибээ, Жекенди жана Чулук айылдарында жалпы 1021 турак жай изилденип, 4-даражада 601 турак жай жана 5-даражада 9 турак жай жабыркаганы аныкталган. Ал үйдө жашаган үй-бүлөлөр үчүн ӨКМ 550 чатыр тиккен.

3-майдан 7-майга чейин кыргыз-тажик чек арасында 10дон ашык жер силкинүү катталган.

Кыргызстандын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, өлкө аймагында 3-4-майда 6 жолу жер титирөө катталды. Жер титирөө учурунда Оштогу Чоң-Алай районунун Чулук айылында сарайдын дубалы кулап, 1 адамды басып калган. Жабырлануучуну коңшулары куткарып калууга жетишкен.

Жер титирөөнүн кесепеттери:

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 500
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×