При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

24 адам жер көчкү алдында калган Аюу айылынын эли башка айылга көчөт

Turmush -  Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл өкмөтүнө караштуу Ана-Кызыл айылына жер көчкүдөн жабыр тарткан Аюу-Сай айылындагы тургундар көчүп келүүгө камынып жатат. Буга чейин таза суу көйгөйүнөн улам эл көчпөй жаткан. Жакында Ана-Кызыл айылына таза суу чыгаруу үчүн 10 млн сом бөлүнгөнүн айыл өкмөттүн башчысы Динмухаммед Бокошев билдирди.

Жалпысынан жер көчкү коркунучу бар Зергер айыл өкмөтүндөгү 106 үй-бүлө Ана-Кызыл айылына көчүрүлөт.

«Зергер айыл өкмөтүндөгү Аюу-Сай жана Кайрат айылдарындагы 106 үй-бүлөнү Төрт-Көл айыл өкмөтүнө көчүрүү алдында турабыз. Учурда жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Эл көчүүгө камданып жатат. Ана-Кызыл айылында таза суу чыгаруу үчүн мамлекеттик бюджеттен 10 млн сом бөлүндү. Учурда таза суу чыгаруу иштери башталды. Ошондой эле, электр тармактар ишканасынын кызматкерлери Жаман-Адыр тилкесине электр чубалгыларын тартып жатат», - деди Д.Бокошев.

Зергер айылындагы кооптуу аймакта жашаган тургундар Төрт-Көл жана Кароол айыл өкмөттөрүнө көчүрүлөт. Ал үчүн Төрт-Көл айыл өкмөтүнөн 43 гектар, Кароол айыл өкмөтүнөн 40 гектар жер бөлүнгөн.

Аюу айылында 29-апрелде саат 06:40 чамасында жүргөн жер көчкү жалпы 7 үйдү жана 24 адамды басып калган. Көчкүнүн алдынан 8 адамдын денеси табылып, 16 адамды издөө иштери 4-майда токтотулду. 

Көчкү алдында калган 16 адам:

- 1980-жылы туулган Юсупахунова Зилола Азизовна (жолдошу жана 4 баласы табылды);

- 1968-жылы туулган Коргонбаев Маматали Назирбаевич;

- 1930-жылы туулган Разабаев Хабибилла;

- 1939-жылы туулган Разабаева Арзи;

- 2000-жылы туулган Хабибиллаев Захит Шерниязович;

- 2000-жылы туулган Ибрагим уулу Дилшодбек;

- 1970-жылы туулган Разабаев Абдисалам Хабибиллаевич;

- 1975-жылы туулган Маманова Нигорахон Мамажановна (Россиянын жараны);

- 1967-жылы туулган Абдразакова Рахима Жороевна;

- 2013-жылы туулган Артыкбаева Хилола Фарезовна;

- 2003-жылы туулган Артыкбай уулу Ориф;

- 1988-жылы туулган Камчыев Фаруг Артыкбаевич;

- 1993-жылы туулган Шермамат кызы Хамдона;

- 2016-жылы туулган Артыкбаева Ситора Фаруховна;

- 1979-жылы туулган Разабаева Мехринса Хабибиллаевна;

- 2014-жылы туулган Каримов Мухамадали Абдымухтарович.

Көчкү алдынан табылып, акыркы сапарга узатылган жарандар:

1) 2003-жылы туулган Назирбаева Азиза Икрамжановна;

2) 2007-жылы туулган Назирбаева Умида Икрамжановна;

3) 1978-жылы туулган Коргонбаев Икрамжан Назирбаевич;

4) 2013-жылы туулган Назирбаев Алмазбек Икрамжанович;

5) 2000-жылы туулган Назирбаев Хуршидбек Икрамжанович;

6) 2005-жылы туулган Адина Маманова;

7) 2015-жылы туулган Мадина Хабибиллаева;

8) 1997-жылы туулган Гүлайым Назирбаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 570
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×