Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Ош

Тагдыр: Угуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган 32 жаштагы Мээргүл жеке бизнесин түптөп, кызына тарбия берүүдө (фото)

Turmush -  Ош шаарынын 32 жаштагы тургуну Мээргүл Каракозуева 12 жашында менингит оорусу менен жабыркап, угуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган. Учурда укпаганы менен адамдар менен сүйлөшүп, чакан бизнестин ээси болууга жетишти.

Ал ачкан мейманканага көбүнчө туристтер келет. Өзү да бир катар чет өлкөлөргө барып келген. 20 жыл үн укпаганы менен сүйлөгөндү унутпаганын айткан каарманыбыз ийгиликке жетүүнүн сырларын Turmush басылмасынын кабарчысына айтып берди.

«Адамдар менен сүйлөшкөндү жакшы көрөм. Тилекке каршы Ошто эрин менен окуганды үйрөтүүчү адис жок. Мен 12 жашка чейин кадимкидей уккандыктан, адамдардын сүйлөшүүсүн унутпай сактап калдым. Адамдар менен сүйлөшкөндө кагазга жазып берүүсүн өтүнүп, ага карата сөз түрүндө жооп кайтарам.
Жогорку окуу жайдан бизнес жана менеджмент факультетин аяктап, өзүмө ылайык жумуш издедим. Алгач кол өнөрчүлүк менен алектенчүмүн. Өзүмө ылайык кесип издеп жүрүп акыры таптым», - деди ал.

М.Каракозуева угуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу үчүн кохлеардык имплантат жабдыгын пайдаланса болот. Бирок, анын баасы кымбат болгондуктан учурда каражат топтоп жатат.

«Күн сайын ар кандай адамдар менен баарлашуудан рахат алам. Менде дээрлик бош убакыт болбойт. Көп убактымды ишкердикке арнадым. Жалгыз төрт жаштагы кызым бар. Экөөбүздүн келечегибиз үчүн иштеп жатам. Башкаларга көз каранды болуп жашоону жактырбайм. Башкаларга окшоп коомдун аярлуу катмарынын катарын толуктап калуудан коркконумдан алдыга койгон пландарым максаттуу деп айта алам. Ар бир пенде аракет кылып, өз ырыскысын таап жесин», - деп кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1689
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×