Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.51    80.77    1.2    KZT 0.21
Ош

Видео - Ошто Рамазан айында гана ачылган базарда кызуу соода жүрүп жатат

Turmush -  Ош шаарында жыл сайын Рамазан айында гана ачылган базарда кызуу соода жүрүп жатат. Жергиликтүү эл ифтар базары деп атаган базардан эттен тартып, балыктын, салаттын, нандын түрлөрүн арзан баада табууга болот.

Көпчүлүктүн айтымында, бул базарда килкилдек, сүт менен сары май куюлуп жасалган өпкө, чучук жана эт нан сатып алууга шашкан кардарлар көп. Боор, малдын бышырылган тили, өрүк шербеттерин сатып алуучулар да арбын. Ал эми, салаттардын 20дан ашуун түрү сатылса, тоок этин тандырга бышырып саткандарды дагы көрүүгө болот.

Ооз ачууга жакын базарда соода кызыйт. Базардын четинде кымыз, дарбыз коон дагы сатып тургандарды көрүүгө болот. Кымыздар алыскы райондордон алынып келгендиктен баасы бир аз жогору.

Жол четиндеги базарга 100дөн ашуун адам түрдүү такмак-аштарды жасап чыгып, учурда базардын узундугу 400-500 метрге жетип калды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2666
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×