При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Фото - Американын элчилиги Оштогу тигүү цехине 940 миң сомдук жабдык тапшырды

Turmush -  Ош шаарындагы «Дастан» тигүү цехине кийимдердин эскизин автоматтык түрдө чийип берүүчү жабдык Америка элчилиги тарабынан берилди. 940 миң сомго алынган жабдыкты АКШнын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Шейла Гуолтни тапшырып, кызыл тасмасы кесилди.

«Дастан» кийим тигүү цехи 2010-жылдан бери иштеп келет. Негизинен мектеп формаларын тигүү менен алектенип жатканын жетекчиси Гүлнара Жапарова билдирди.

«Биздин тигүү цехте 60 кызматкер бар. Буйрутма менен иштеп, учурда мектеп формаларын тигип жатабыз. Буга чейин кийимдердин эскизин чийүүдө кыйынчылыктар жаралып келген. Бир кийимдин эскизин чийүү үчүн 2-3 саат убакыт талап кылынчу. Азыр жаңы алынып келген жабдыктын жардамында 20 мүнөттө 5 өлчөмдөгү кийимдердин эскизин чийип алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү», - деди ал.

Ыйгарым укуктуу элчи Шейла Гуолтни Ош шаарында жумуш орундарын түзүүгө жардам бере турганын кошумчалады.

«Бул ишкананы ачкан үй-бүлө көп жумуш орундарын түзгөнүн көрдүк. Биз мындай ишкерлерди колдоп келебиз. Аларга жумуш орундарын дагы көбөйтүүгө жардам берүүгө даярбыз. Мурун Оштогу чакан жана чоң ишканалар кийимдердин эскиздерин Бишкектен чийдирип келишчү экен. Эми Оштон деле чийдирип алып кетүүгө болот», - деди Ш.Гуолтни.

Аталган чакан ишканада күнүнө 500гө чейин мектеп формалары чыгарылып, өлкөнүн аймактарына таратылып турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 569
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×