Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Ош

Кара-Кулжада майып балдар үчүн «Балдар дүйнөсү» фестивалы башталды

Turmush -  Бүгүн, 16-июнда Кара-Кулжа районунда «Балдар дүйнөсү» фестивалы өтүп жатат. Райондук администрация маалымдагандай, фестиваль ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын укуктарын камсыз кылуу жана жашоо деңгээлин жогорулатуу максатында уюштурулган.

Фестивалга Кара-Кулжа районунун бардык аймагындагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар чакырылды. Аларга атайын райондук маданият үйү тарабынан даярдалган концерттик программалар тартууланууда. Ага кошо сынак уюштурулуп, андагы жеңүүчүлөргө баалуу белектер жана иш-чарага катышкан ар бир балага кызыктыруучу белектер даярдалган.

Фестивалдын жыйынтыгында жалпы катышуучуларга жана балдарга ресторанда сый тамак уюштурулат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 799
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×