При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 28-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Ош шаардык соту классташын өлтүрүүгө шектүү балдардын бирин 16 жылга эркинен ажыратты

Turmush -  Ош шаардык соту 1994-жылы туулган Нурсултан Насировдун өлүмүнө шектүүлөргө карата өкүм чыгарды. Ош облустук сотунун басма сөз кызматынан кабарлангандай, айыпталуучу К.Б. күнөөлүү деп табылып, 16 жылга эркинен ажыратылды. Ал жазаны күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөйт.

Ошондой эле, шектүүлөр Д.А. менен М.К. 7 жылга, Ж.К. менен М.Б. 5 жылга эркинен ажыратылды. Ал эми, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 63-беренеси менен 7 жана 5 жылга эркинен ажыратылган 4 айыпталуучуга 2 жылдан сынак мөөнөтү белгиленди. Өкүм күчүнө киргенден кийин 4 шектүү үй камагында болот.

Каза болгон Нурсултандын апасы Шарипа Насирова Ош облустук сотуна арызданышы мүмкүн экенин билдирди.

Нурсултан

Н
Окуя тууралуу:

Нурсултан 2016-жылдын 5-сентябрында саат 24:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголгон. Анын жансыз денеси 30-сентябрь күнү чирий баштаган абалда табылган. Аны сабап өлтүргөн шектүүлөр Ош шаарынын Жапалак айылынын тургундары болуп чыкты.

20-ноябрда кармалган шектүүлөр — 1994-жылы туулган Д.А., М.К., К.Б. Ж.М. жана 1993-жылы туулган М.Б. алгачкы тергөөдө кылмыш тууралуу айтып беришкен. Алардын айтымында, Нурсултанды үйүнө чакырган К.Б. ортодогу пикир келишпестиктен улам сабап жатып өлтүрүп алган. Андан кийин денени аталган шериктери менен «Дэу Тико» унаасы менен талаага алып барып, көмүп коюшкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1347
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×