Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-май
Ош

Фото - Кара-Сууда 100дөн ашуун милиция кызматкери рейдге чыкты

Turmush -  Бүгүн, 16-июнда Кара-Суу районунда Ош ОИИБдин Патрулдук милиция кызматкерлери «Пешеход» рейдин уюштурду. Анын алкагында «Туратали» базарынын аймагында жолдо жүрүү эрежелерин одоно бузган жөө жүргүнчүлөргө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Ошондой эле, жол чыракта кызыл күйүп турганына карабастан жолдон өтүп, эреже бузгандарга эскертүүлөр берилди. Айрым адамдар жол эрежесин бузганы үчүн патрулдук милиция кызматкерлеринен кечирим сурашты.

Мындай рейддер Ош—Бишкек жолунда улантылат. Учурда 100дөн ашуун милиция кызматкерлери рейдге чыкты.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1420
×