При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 18-август
68.71    80.58    1.15    KZT 0.21

Ноокатта өзүнөн 17 жаш улуу күйөөсүн кызганган келин үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда

Turmush -  Ноокат районунда күйөөсүн кызганып, үйүнөн чыгып кеткен 21 жаштагы келин дайынсыз жоголду. Ош ОИИБдин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, күйөөсүн биринчи аялынан кызганган келин кечээ, 15-июнда үйүнөн чыгып кеткен. Анын жолдошу 38 жашта.

«Күйөөсү биринчи турмушунан 1 кыздуу болгондон кийин ажырашып кетишкен. Ал кызын өзү багып жаткандыктан мурунку жубайы кээде алардын үйүнө барып, кызынан кабар алып турат. Келин андан кызгангандан улам телефондорун өчүрүп, үйүнөн чыгып кеткен. Учурда милиция кызматкерлери тарабынан изделип жатат», - деп айтылат маалыматта.  

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 9716
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу