Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-май
Ош

Фото - Ошто майып жарандар үчүн кайрымдуулук дүкөнү ачылды

Turmush -  Ош шаарындагы Ак-Тилек аймактык кеңешинде ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн кайрымдуулук дүкөнү ачылып, 50 жаранга азык-түлүк таратылды. Аталган аймактык кеңештин төрайымы Нурила Кочкорбаеванын айтымында, мындан ары ай сайын 50 жаранга азык-түлүк таратылып турат.

«Орозо айынын урматына мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, турмуш-шарты оор үй-бүлөлөргө акысыз ай сайын азык-түлүк таратып туруучу дүкөн ачтык. Учурда аймактык кеңештеги 10 адам ай сайын жардам көрсөтүү милдетин алды. Ошондой эле, каалоочулар дагы кийим-кече, азык-түлүк берсе болот», - деди Н.Кочкорбаева.

Учурда аймактык кеңеште ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 150 адам жашайт.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1815
×