При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 18-август
68.71    80.58    1.15    KZT 0.21

Өзгөн шаарындагы унаа жол 2 млн сомго асфальтталып жатат (фото)

Turmush -  Өзгөн шаарынын Шарк кварталындагы Маданият көчөсүнө асфальт төшөө иштери башталды. Мэриянын маалыматы боюнча, шаар ичинде унаа тыгындарын азайтуу максатында аталган көчөнү асфальттоо демилгеленип, шаардык бюджеттен 2 млн сом каралган.

Бүгүн, 16-июнда асфальт төшөө иштери менен Өзгөн шаарынын мэри Саипжон Пратов, шаардык кеңештин депутаттары таанышты. Июнь айынын аягына чейин асфальттоо иштерин аяктоо пландалып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 669
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу