При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-август
68.74    80.81    1.15    KZT 0.21

Мекендештер: Оштук Н.Макенов Анкара шаарында ординатурага өтүүгө камынууда

Turmush -  Ош облусунун Кара-Суу шаарынын 25 жаштагы тургуну Нурбек Макенов Түркиянын Анкара шаарында ординатурага өтүүгө даярданып жатат. Аймактык кабарчы студент менен маектешти.

- Кайсы окуу жайдан кандай адистик алгансыз?

- Кара-Суу районундагы Гагарин атындагы орто мектепти аяктаган соң Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинде 3 курс окудум. Андан кийин борбор шаарыбыз Бишкектеги И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына которулдум. Ал жакта да 3 жыл окуп, ийгиликтүү аяктадым.

- Бала чагыңыздагы кыялыңыз кандай эле?

- Кичинекей кезимде учкуч болом деп кыялданчумун. Учакты асмандан так үйдүн алдына кондуруп, ата-энемди салып өзүм менен алып кетем дечүмүн. Убакыт өтүп, дарыгер болууну самап баштадым. Адамдарга жардам берсең алар чын жүрөктөн ыраазы болуп жылмайып турганы эң кымбат нерсе.

- Бала чактагы кыялдарыңызга жеттиңизби?

- Кыялыма карай бара жатам. Өзүм учак айдап үйүмдүн жанына токтотпосом да ошол учактардын каттамы менен ата-энеме бүтүн дүйнөнүн кооздуктарын көрсөтүп келсем деген тилегим бар.

- Акыркы 10 жылга пландарыңыз кандай?

- Бул жакта ординатурага өтүү үчүн болгон сынактарды жакшы тапшырып, ординатураны ийгиликтүү бүтүрүп, жакшы кесиптин ээси болсом дейм. Бул жакта медицинадагы жетишкендиктерди Кыргызстанга алып барсак деген тилек бар. Албетте, бул жылдар аралыгында үй-бүлө күтүү планым бар. Азыр Түркиянын Анкара шаарындамын.

- Чет мамлекетте окуганга ата-энеңиз каршы болгон жокпу?

- Чет мамлекетке окуйм дегениме ата-энем каршы болгон жок. Тескерисинче биринчилерден болуп колдоп, кубатташты. Ата-энеме чоң ыраазычылык билдиргим келет.

- Билим берүү системасында кандай өзгөчөлүктөрдү көрө алдыңыз?

- Билим берүү системасында биздикинен айырмачылыктары бар экен. Дээрлик бардык студенттер жогорку окуу жайдын кымбаттыгынан жапа чегишпейт. Керектүү билими болсо Түркиянын булуң-бурчунан болсо дагы мамлекеттин эсебинен Түркиянын эң мыкты университеттеринде эч көйгөй жок окуй алышат. Мамлекеттин колдоосу сезилип турат.

-Учурда эмне менен алексиз?

- Учурда менин бүтүн аракетим сынактан өтүп, жакшы бир ооруканага ординатурага тапшырууга жумшалууда.

- Башка шаарга көнүп кетүү оор болдубу?

- Ооба, жаңы келгенде алгач оор болду. Бөтөн эл, бөтөн жер, бөтөн тамак-аш. Бирок, түрк боордоштордун меймандостугу, жардам берүүгө каалоосу чоң жардам берип, бат эле көнүп кеттим.

- Анкаранын өзгөчө жаккан жери кайсы болду?

- Мага Анкарадан өзгөчө «Ankara kalesi» деген тарыхый балуулугу чоң болгон жери жакты. Ал кичинекей тоодогу коргонуу чептери Рим империясынын убагында салынган деген кептер бар жана ал жакка чыга бериш жомоктогудай кооз. Кичинекей үйлөр, кичинекей дүкөнчөлөр жана тар көчөлөр бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 830
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
18:37,   14.08.2017   ( 3 адам окуп жатат)
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу