Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 11-декабрь
69.75    81.86    1.18    KZT 0.21
Ош

Кара-Кулжада 5 аттестат жараксыз болуп чыкты

Turmush -  Кара-Кулжа району боюнча 5 аттестат жараксыз болуп чыкты. Райондук билим берүү бөлүмүнүн билдирүүсү боюнча, бул жылы райондогу 49 мектепти жалпы 903 бүтүрүүчү аяктап, аттестат алышты.

Бирок, анын ичинен 5 аттестатта окуучулардын туулган жылы ката жазылып калган. Жараксыз аттестаттар кайра калыбына келтирүү үчүн жөнөтүлдү.

Буга чейин Жалал-Абаддын Аксы районундагы мектептердин бүтүрүүчүлөрүнө бериле турган аттестаттар жараксыз болуп калганы белгилүү болгон. Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Угулай Зыябекова билдиргендей, жогорку окуу жайларга бара турган абитуриенттерге убактылуу тактама кагаздар берилип турат.

«Аттестаттарда Кыргыз Республикасынын деген сөздө «н» тамгасы жазылбай калып, ката болуп калган. Ал катачылык басмаканадан кеткен. Учурда Билим берүү жана илим министрлиги менен сүйлөшүп, бүтүрүүчүлөргө тактама кагаз берип турабыз. Кийинчерээк жаңы аттестат берилет», - деди ал.
Аксы районунда быйыл 967 бүтүрүүчү мектепти аяктады.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2009
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×